🔈🔈🔈 АРИСтин «Жашоо каражаттарын колдоо программасы» өлкөбүздүн борборунан 1000 чакырым алыстыкта жайгашкан Лейлек районунун айылдык аймактары үчүн башталды. ❗️Жергиликтүү коомчулуктун жеке ишкердикти баштоого болгон кызыгуусун арттыруу, багыт берүү максатында окутуулар уюштурулуп, катышуучулар бизнести пландоо боюнча билим-тажрыйбаларын жогорулатышууда.
Программага райондун айылдык аймактарынан жалпы 289 адам тартылды. Катышуучулар позитивдүү маанайда берилгендик менен катышып, бул багыттагы тренингди көптөн бери күтүп жүрүшкөнүн билдиришти. ✅ “Үй-бүлөлүк бюджетти туура пайдаланып, финансылык туруктуулукка жетип, топтолгон акча каражатына чакан ишкердикти баштоо менен киреше булагын кеңейтсе болот экен”,- деген ойлорун айтышты. Программанын ар бир катышуучусуна ийгилик каалайбыз. Кыялдар орундалсын 🙏
https://www.facebook.com/permalink.php?story_fbid=pfbid04KkUh2EyPixpfxwf84bTF51LYJ8BBytaMzLMWLUidiszBe69MpV5LzBYt3Mn8pwCl&id=100009175464580
This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation